ktrk.kg
Кыргыз футболу өнүгүү жолуна түштү
Тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз курама командасы Азия Кубогуна катышып, күйөрмандардын алкышына ээ болду. 3 жыл ичинде курамабыз Австралия, Түштүк Корея жана Кытай менен расмий беттештерде татыктуу оюн көрсөтө алышты. Аз да болсо өткөндү эстеп, жазып чыгууну туура көрдүк.
2014-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясы Азия чөлкөмүндөгү футбол дүйнөсүндө AFC 60-th Anniversary Awards (Азия футбол Конфедерациясы тарабынан уюшулган саамалык) сыйлоо аземинде "Жылдын алдыга умтулуучу федерациясы" наамына татыган.

Чет өлкөдө ойногон футболчулардын курамага кошулушу
2014-жылы Мирлан Айталы Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясына ишке чакырылат. Ал жумушка кирээри менен аталган Федерациянын расмий фейсбук баракчасына келген каттарды карап чыгат. 2010-жылы Эдгар Бернхардт жазган катка көзү үңүлүп, ал тууралуу маалымат издей баштайт. Катта, "Мен Кыргызстанда төрөлгөм. Учурда Польша чемпионатынын жогорку лигасындагы «Краковия» клубунда ойнойм. Кыргызстан курамасы үчүн ойносом болобу? Негизи эле бул нерсе мүмкүнбү"? деген билдирүү жазылган.
Мирлан Айталы бул сунушту дароо Федерация жетекчилигине кабарлап, колдоо табат. Бул 2014-жылдын ноябрь айында болгон.
Эдгар Бернхардт тууралуу видеолор интернетте көп болгондуктан, аларды Крестинин бир көрүп, курамага кошууга макул болот.
Федерация өкүлдөрү оюнчу менен байланышып, Кыргыз курамасынын Таиландда өткөн жолдоштук беттешине чакырышат. Оюндан соң Крестинин Эдгарга ыраазы болуп, ал башкы курамдын оюнчусуна айланат.

Бул жаңылыкты германиялык спорт журналист Мирон Гойхман окуп калып, ФФКРге Кыргызстанда төрөлгөн башка немец оюнчулар да бар экенин кабарлайт. Ошентип Виталий Люкс жана Виктор Майер да курамабыздын футболчусуна айланат.
Окуу-машыгуу жыйындарынын жемиши
Азия Кубогуна даярдык иретинде, өткөн жылы курамабыз 10 беттеш өткөрдү.
Жолдоштук оюндарда 6 жолу жеңишке жетип, 3 жолу жеңилип, 1 беттеш тең эсеп менен аяктаган. Кыргыз футболчулары Мьянма, Индия, Сирия, Малайзия, Иордания курама командаларын жеңип, Азербайжан, Катар жана Жапонияга утулган. Ал эми тең эсепте Палестина курамасы менен ойногон. Бирок кийинки оюнда Палестин командасын уткан.

2015-жылы Кыргыз курамасы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турларына катышты. Бирок тайпада 3-орунду алып, кийинки баскычка чыкпай калган.
Курамабыздын атаандаштары Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш болгон. Бул оюндарда тайпада 3-орунду ээлөө менен, кыргыз футболунун тарыхында биринчи жолу "Азия Кубогу 2019" мелдешине катышууга жолдомо алышты.
Кыргызстан 1:2 Австралия
Кыскартып айтканда, курамабыз 2018-жылы Азербайжан, Бишкек, Малайзия жана Японияда окуу-машыгуулардан өтүп келишти. Белгилей кетчү жагдай, чет өлкөлөрдө арбын машыгууларды өткөрүү Кыргыз курамасынын тарыхында биринчи жолу болду. Буга чейин деле башка мамлекетте машыгып жүрүшкөн, бирок бул жолу катары менен бир нече өлкөлөрдө жолдоштук оюндарды өткөрүшүп, ошол жактын климатына көнүп, олуттуу түрдө окуу-машыгуу жыйындарынан өтүштү. Жыйынтыгына өзүңүздөр күбө болдуңуздар.
БАЭ-Кыргызстан беттеши. Сүрөт ФФКРге таандык.
Азия Кубогу 2019
Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы Азия Кубогунун финалдык баскычында "С" тайпасына туш келди. Атаандаштары Кытай, Филиппин жана Түштүк Корея болду. Алгач Кытай курамасы менен ойноду. 1-бөлүктө 1 гол киргизишип, беттештин 2-бөлүгүндө дарбазачынын катасынан улам 2 топту өткөрүп алышты. Жыйынтыгында оюн эсеби 2:1де аяктап, курамабыз жеңилип калды.
Кийинки оюн Түштүк Корея курамасы менен болду. Азия чөлкөмүндө эң күчтүү делген командага тең ата тайлашып, кыргыз футболчуларында гол киргизүү мүмкүнчүлүгү да жаралды. Бирок ийгилик корей футболчуларына жылмайды. Кандай болгон күндө да, Дүйнөлүк чемпионатта Германияны 2:0 эсебинде уткан Түштүк Кореяга кыргыз оюнчулары туруштук бере алышты.

Курамабыздын 2 ирет жеңилүүсүнө карабай, 3-оюнда тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болчу.
Филиппин менен болгон чечүүчү оюнда Кыргыз оюнчусу Виталий Люкс 3 гол киргизип, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ кылды.
Оюн 3:1 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктады.
Кыргызстан 3:1 Филиппин
"Азия Кубогу 2019" мелдешинде Кыргыз курамасы 1/8 финалга чейин жетип, үй ээлери БАЭге 3:2 эсебинде утулууга дуушар болду.
Бул беттеш биз үчүн тарыхый оюн гана болбостон, Кыргыз курамасынын тарыхындагы эң ыплас оюн да болуп калды.
Өнүгүүгө карай жол
Кыргыз футболу өнүгүү жолуна түштү. Бул тууралуу ФФКРдин вице-президенти Аскар Салымбеков билдирди.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион коопсуздук жактан эскирди. Бизге заманбап жаңы стадион керек. Азыркы учурда сунуштар бар. 35 миңден ашык адам бата турган оюн талаасын куруу учурдун талабы. Мен ойлойм, бул маселени өкмөт чечет.
Кыргызстандыктар биригип болсо да бир стадион кура албайбызбы?! Албетте колубуздан келет. Мына Хорватияда деле заманбап стадион жок экен, азыркы учурда эли биригип жаңысын салууда".
Аскар Салымбеков
Сүрөт president.kg сайтына таандык
Бул демилген президент Сооронбай Жээнбеков да колдоп, Футбол боюнча Кыргыз курамасы менен жолугушууда мындай деген:
Сиздердин Азия Кубогунда 1/8ге чыгышыңыздар эле тарыхый окуя болуп саналат. Кыргызстан ФИФА рейтингинде 2012-жылы 195-орунду ээлеген. Быйылкы жылы биз 91-орунду ээледик. Бул ийгиликтин, жаркын жеңишиңиздердин артында чоң эмгек, тынымсыз машыгуулар турат", — деди мамлекет башчы.

Дарбазачылар: Павел Матяш, Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков.
Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Мустафа Юсупов, Даниэл Тэго, Айзар Акматов, Валерий Кичин.
Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бахтияр Дүйшөбеков, Эдгар Бернхардт, Ахлидин Исраилов, Турсунали Рустамов, Одилжон Абдурахманов, Антон Землянухин.
Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс.
Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин.



Кыргыз курамасынын Азия Кубогуна катышкан футболчулары
ТОП ЛИГА
Футбол серепчилери бир ооздон, Курама күчтүү болушу үчүн ички клубтарда атаандаштык күч алышы зарыл деп белгилешет. Андыктан клубтардын саны гана көбөйбөстөн, сапат жагы да эске алынышы абзел. Мындан тышкары оюн убактысы күйөрмандарга ылайыкташышы керек. Бул үчүн клубтардын стадионунда кечкисин жарыктандыруу жабдыктары керектелет. Анткени футбол күйөрмандар үчүн ойнолушу зарыл. Учурда бул нерсе аксап турат.
Эгер бул нерсе азыр ишке ашпаса, келечекте Курамабыздын оюндары Кыргызстанда өтпөй калат.
Жыл сайын ФИФАнын стадион боюнча талаптары катуулап барат. Кыргызстанга өткөн жылдары уруксат беришти. Эреже боюнча стадион эл аралык талаптарга жооп бериши керек. Эгер алар макул болбогондо, курамабыз өз үйүндөгү оюндарды коңшу өлкөнүн стадиондорун ижарага алып ойномок. Келечек үчүн стадион сөзсүз керек. Эгер бул нерсе азыр ишке ашпаса, келечекте Курамабыздын оюндары Кыргызстанда өтпөй калат.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион
Жаңы стадион курулса, өзүн кантип актайт?
Чет өлкөлөрдөгү стадиондор өзүн-өзү акташы үчүн ижарага берип турат. Ал үчүн универсал стадион салынышы керек. Бир гана футбол талаасы эмес, анын ичинде кичи футбол талаасы, бассейн, спорт зал (волейбол, футбол, бильярд жана башка майда барат нерселерди камтышы кажет), фитнес зал ж.б. Мына ушул нерселер комплекстүү болуп ижарага берилсе, өзүн актайт.

Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы машыктыруучулары
Башкы машыктыруучу
Мелис Кошалиев
Евгений Новиков
Нематжан Закиров
Борис Подкорытов
Нематжан Закиров
Анарбек Ормонбеков
Марат Жумакеев
Сергей Дворняков
Мирлан Эшенов
Александр Крестинин

Иштеген жылы
1992-жыл, август айы
1997-жыл, июнь айы
2003-жыл, март айы
2006-жыл, март айы
2007-жыл, январь айы
2009-жыл, январь айы
2011-жылы, май айы
2012-жыл, сентябрь айы
2014-жыл, май айы
2014-жыл, октябрь айы
Иштен кеткен жылы
1996-жыл, февраль айы
2001-жыл, февраль айы
2006-жыл, март айы
2006-жыл, декабрь айы
2008-жыл, декабрь айы
2011-жылы, май айы
2012-жыл, сентябрь айы
2014-жыл, майы айы
2014-жыл, октябрь айы
--

This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website